УзА маалымат агенттигинин кабарлашынча, трассанын узундугу 84 чакырымды түзөт.
«Бул Казакстандын деңиз порттору жана автотрассалары аркылуу өзбек товарларын Орусия жана Кавказ өлкөлөрүнө жеткире турган кыска жол болот», – деди казак өкмөт башчысы Аскар Мамин.
2018-жылы Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард долларды түзгөн, жыл башынан бери бул көрсөткүч 25% көбөйгөн.