Ссылки доступа

Ташкентте кылмыш кылууга ынтаасы бар аялдардын 23 категориясы аныкталды


Ташкенттин башчысы аялдардын арасындагы кылмыштуулукту азайтууга багытталган Шаардык ички иштер башкармалыгы менен Аялдар комитетинин биргелешкен резолюциясын жактырды.

Маалыматка караганда, резолюция даярдалганга чейин аткаминерлер «моралдык жана руханий өнүгүүнү бекемдөө боюнча адисттердин» коштоосунда көптөгөн аялдар жана үй-бүлөлөр менен жолугушкан. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен жумушчу топтор түзүлүп, курамына райондук милиция кызматкерлери, ошондой эле Аялдар комитетинин кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча адистери кирген.

Резолюцияда кылмыш кылууга ынтаасы бар аялдардын 23 категориясы көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары төмөндөгүлөр:

* мурда соттолгондор,

* маңзатка жана спирт ичимдиктерине көз каранды болгондор,

* психикалык жактан жабыркагандар,

* көп жылдардан кийин мекенине кайтып келгендер,

* руханий колдоого муктаж аялдар,

* балдардын тарбиясына терс таасир эткендер,

* аморалдык мүнөздөгү кылмыштарды кылгандар,

* үй-бүлөдөгү шарты жакшы эмес аялдар,

* өз өмүрүнө кол салууга ынтаасы барлар,

* ажырашууга жакын үй-бүлөлөр,

* жумушсуздар,

* аз камсыз болгондор,

* Ташкентте убактылуу жашап жүргөндөр,

* тилемчилик кылгандар,

* эрезеге жете электер (18 жашка чейин) жана келиндер (18 жаштан 30 жашка чейин),

* майып аялдар,

* ажырашкандар,

* күйөөсү өлүп, балдарын жалгыз багып жаткан аялдар.

XS
SM
MD
LG