Ссылки доступа

Ташкентте ИИБ тескөөчүлөрү кызматтык батирлерде жашоого милдеттендирилди


Ташкент облустук Ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) Кылмыштардын алдын алуу башкармалыгынын тескөөчүлөрү кызмат өтөп жаткан аймактагы кызматтык батирлерде жашоого милдеттендирилди.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген милициянын подполковнигинин айтымында, ИИБ башчысынын мындай буйрукту чыгаруусуна тескөөчүлөрдүн көбүнүн мамлекет тарабынан берилген батирлерде жашабай, жумуштан кийин өз үйлөрүнө кетип калып жатышы себеп болгон.

«Алар кызмат өтөп жаткан аймактагы бардык окуялар тууралуу күнү-түнү кабардар болушу үчүн мамлекет атайын кызматтык турак-жайларды бөлүп берген. Бирок тескөөчүлөр жумуштан кийин башка райондогу үйлөрүнө кетип калып жатышат», – деди подполковник.

2017-жылы апрелде өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кылмыштардын алдын алуу менен алектенген тескөөчүлөрдү кызмат өтөп жаткан аймагында кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу программасын бекиткен.

XS
SM
MD
LG