Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы коргоо министри куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгарылды


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Арыстагы жарылууга байланыштуу мурдагы коргоо министри Сакен Жасузаковду жазалап, анын Куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгарды. Жасузаков 2016-2018-жылдары Казакстандын коргоо министри болгон.

Мындан тышкары Токаев коргоо министринин биринчи орун басарына, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын мурдагы башчысына, коргоо министринин мурдагы орун басарына катуу сөгүш жарыялады.

Казакстан президенти аларды “өздөрүнө жүктөлгөн милдетти дурус аткарган жок, курал-жарак кампаларын көчүрүү жана жайгаштыруу учурунда кемчиликтерге жол берди” деп айтыптады.

Токаев буга чейин өлкөнүн азыркы коргоо министри Нурлан Ермекбаевге да сөгүш жарыялаган.

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Эвакуация учурунда оор жаракат алган сегиз жашар бала 2-августта чарчап калды.

Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Жергиликтүү бийлик 28-июнда шаар жарылуудан чачыраган ок-дарыдан толук тазаланганын билдирген. Ошол күнү үй-жайын таштай качкан тургундар Арыска кайтып келген. Айрым тургундар бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылышкан.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20дай киши жарадар болгон. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG