Ссылки доступа

УКМК: каза болгон кызматкерге спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы айтылат.

Атайын кызмат Атамбаевди кармоо аракети учурунда бир нече атайын бөлүктүн кызматкерлери жаракат алганын, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгонун, ал эми үй тараптан аскер огу атылганын белгилейт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылуу жасады. Ал өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "аскердик ок да колдонулду" деп айтты.

“Биз, мен да, Кой-Таштагы башка адамдар да террорист эмеспиз”,-деп билдирди Атамбаев.

Ал бийликке буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүнү бир нече жолу сунуштаганын белгиледи.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG