Өзбекстан чек ара мекемесинин өкүлү билдиргендей, чек ара кесилишкен аймактан тышкаркы чукул кырдаал шартында чек ара бекеттериндеги техникалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, маалымат чогултуу иш-чаралары жүрүүдө.
Бул арада президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен 8-августта телефондон сүйлөштү.
Кыргыз президентинин сайтындагы кабарда алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну талкуулашканы, Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалаганы жазылды.
Сүйлөшүү кимдин демилгеси экени айтылган жок.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.