Ссылки доступа

Ооган бийлиги талибдердин делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди


Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Талибан» кыймылынын делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди.

Ооганстан ТИМинин расмий өкүлү Сибгатулла Ахмади ооган өкмөтү тынчтык орнотуу боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кубаттай турганын билдирди. Бирок анын айтымында, «расмий кабыл алуу» жана жолугушуунун мүнөзү ооган бийлиги менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөргө көмөктөшүүгө түрткү болбойт. Ахмади Өзбекстанды тынчтык орнотууда Ооганстандын өкмөтү менен элинин ролун дагы сыйлоого чакырды.

8-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде «Талибан» кыймылынын Дохадагы саясий кеңсесинин жетекчиси Бародар Ахунд башында турган делегациясынын жолугушуусу өткөн.

Анда Ооганстанда туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу максатында өлкөдө тынч саясий жараян баштоого байланышкан маселелер талкууланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бародар Ахунд Самарканд шаарында ооган сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын өткөрүү сунушун колдогон.

XS
SM
MD
LG