Августтун башында бул көрсөткүчтөр дээрлик он пайызга төмөндөп кеткен. Анда буга Кытай валюта менен чайкоочулук кылып жаткандыгы тууралуу Трамптын администрациясынын билдирүүсү себеп болгон.
Эксперттер белгилешкендей, кошумча бажы төлөмдөрү киргизилиши керек болгон товарлардын тизмесинде негизинен айыл чарба жана индустриалдык өндүрүштөгү азыктар бар. Бул тизмеге күнүмдүк керектөөдөгү товарлар менен тиричилик техникалары дээрлик кирген эмес.
Айрым эксперттер жаңы тарифтерди киргизүүнүн кийинкиге жылдырылышын соода саясатында Трамп фондулук биржалардын көрсөткүчтөрүнө олуттуу көңүл буруп жаткандыгынын белгиси деп болжолдоп жатышат. Өз кезегинде инвесторлор муну Трамп акырында ишти соода согушуна чейин жеткирбейт деп эсептешип, компаниялардын акциялары жогорулаган.
Өткөн жылы Трамптын администрациясы Кытай өндүрүшүндөгү көптөгөн товарларга 10 пайыздык кошумча салык киргизген. Жазында Ак үй бул тарифти 25 пайызга чейин жогорулатып, кийинчерээк дагы 10 пайызга көтөрө турганын билдирген. Ал 10 пайыздык кошумча салык 1-сентябрда күчүнө кириши керек болчу.