13-августка карата жогорку окуу жайларына документ тапшырган 862 977 абитуриент – 25 жашка чейинкилер. 25-30 жаштан жогоркулар 103 276, 40-50 жаштан өйдөкүлөр 14 014 жана 50 жаштан өткөндөр 672 адамды түзгөн.
Июлда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов Өзбекстандагы эң улуу абитуриент деп табылган. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандаган.
Ага чейин 72 жаштагы аял бир эле учурда үч жогорку окуу жайына документ тапшырган.