Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 28-августта кол койду. Маркумга сыйлык аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн берлигени көрсөтүлгөн.
УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын биринчи күнүндө ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. Ага өлгөндөн кийин полковник наамы берилген.