Ссылки доступа

Түркмөнстанда эки жоокер ур-токмоктон өлгөнү айтылууда


Түркмөнстанда аскердик милдетин өтөп жүрүп мерт болгон 18 жаштагы жоокер ур-токмоктун курмандыгы болгон. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, маркум Овезали Экаев Балканабаддагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн:

– Ал жакта дагы бир жоокер өлгөн. Аскерге мурда чакырылган жоокерлер аларды шылдыңдап, кордук көрсөтүшкөн, жыйынтыгында жаңжал чыгып, Овезали менен дагы бир жоокер мерт болгон.

Расмий маалыматтар боюнча Овезали Экаев 20-август күнү эртең менен көз жумган. Анын сөөгүн ошол эле күнү кечинде үйүнө жеткиришкен. Жоокердин өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган эмес. Окуяны сыр сактоо боюнча жакындарынан тил кат алып кетишкен.

Овезали Экаев быйыл май айында аскерге чакырылган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматына Экаевдин туугандары менен таанышмын деген киши маалымат берген. Ал маркумдун сөөгүн жууп жатышып, бир нече кабыргасы сынганын, денеси көгала болгонун көрүшкөнүн айткан.

Анын билдиришинче, жоокердин өлүмүнө шектүү катары бир нече жоокер камалган:

– Айрым офицерлер башка аймактарга которулган. Жоокерди өлтүрүүгө айыпталгандардын биринин атасы Экаевдин ата-энесинен кечирим сурап келген. Бирок алар аны кууп жиберишкен.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жаңжал учурунда өлгөн экинчи жоокер Мары облусунан экенин, бирок анын тек-жайын аныктоого азырынча мүмкүн болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG