Ссылки доступа

Шаардык сот «Ачык саясатты» 300 миң сом доого жыккан чечимди күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин күчүндө калтырды.

Шаардык сот мындай чечимди бүгүн, 5-сентябрда чыгарганын гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова кабарлады. Ал эми Жогорку сотко арызданганы жатат.

Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.

Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Гезит 2011-жылдан бери чыгып келет.

Кыргызстанда саясатчылар массалык маалымат каражаттары менен соттошкон учурлар көп.

XS
SM
MD
LG