2002-жылдын 12-январында кабыл алынган «Жалпы аскердик милдет жана аскер кызматы» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, аскерде кызмат өтөө мөөнөтү баары үчүн 12 ай болуп бекитилди.
Буга чейин аскерде кызмат өтөө катардагы жана сержант курамындагылар үчү 12 ай, жогорку билимдүүлөр менен офицердик курамдагылар үчүн 9 айды түзгөн.
Мыйзам боюнча аскерге чакыруу апрель-май айларында болот. Буга чейин өнөктүк апрель-июнь айларында жүргүзүлүп келген.