АКШ коргоо министри Марк Эспер 11-сентябрда Ички коопсуздук минстрлигинин өтүнүчүн канааттандырды.
Ага чейин Вашингтондо АКШ менен Мексика миграциялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард мамлекет «коопсуз үчүнчү өлкө» болуудан баш тартарын айткан. Бул АКШга кирүү үчүн Мексика чек арасынан өткөн мигранттар алгач Мехикодон башпаанек алышы керек дегенди билдирет.
Бирок Эбрард жолугушуу «достук» маанайда өткөнүн белгилеген.
Трамп мыйзамсыз иммиграцияны токтотууну башкы багыты катары кароодо. АКШ бийлиги миграциялык саясатын катаалдаштырууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 10 миллион кишиден ашат. Быйыл июлда иммиграциялык кызматкерлердин укуктары кеңейтилген.
Учурда АКШнын Мексика менен чек арасында беш миңден ашуун америкалык аскер бар. Алар АКШнын чек ара кызматтарына көмөк көрсөтүшүүдө.
Буга чейин Пентагон Мексика менен чек арада дубал тургузуу үчүн аскер объектилерин курууга багытталган акчадан 3,5 миллиард доллар которгон.