Ссылки доступа

Өзбекстанда он эксперт «Бийик келечек» уюмунун курамынан чыкты


Өзбекстандагы «Бийик келечек» («Буюк Келажак») деп аталган эл аралык бейөкмөт уюмдун Эксперттер кеңешинин он мүчөсү уюмдан чыкты. Бул тууралуу алардын бири Дилмурод Юсупов билдирди.

«Биз бул уюмду түзүү демилгесин колдоп, Өзбекстандагы реформаларды ишке ашырууга салым кошобуз деп сүйүнгөнбүз. Бардыгыбыз тең түрдүү долбоорлорго, анын ичинде Өзбекстанды 2035-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга активдүү катышканбыз. Бирок уюмдун ичиндеги бир нече себептерден улам өлкөнүн өнүгүшүнө уюмдан тышкары эле салым кошууну чечтик», — деди Юсупов.

Юсуповдон тышкары Эксперттер кеңешинин курамынан Бехзод Хошимов, Зайнаб Мухаммад-Дост, Кахрамон Носиров, Нодир Нуритдинов, Бахром Ражабов, Тоштемир Хайдаров, Умид Абидхажаев, Хасан Режабоев жана Шукуржон Назаров чыккан.

«Бийик Келечек» уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, Эксперттер кеңешинин негизги максаты — президент Шавкат Мирзиёев тарабынан ишке ашырылып жаткан ири реформаларды колдоо жана ага жардам берүү. Бул максаттарга жетүү үчүн уюмдун Эксперттик кеңешине Өзбекстанды 2035-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү жол картасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Өзбек тектүү олигарх Фаттах Шодиевдин фонду «Бийик Келечектин» башкы демөөрчүлөрүнүн бири.

XS
SM
MD
LG