Ссылки доступа

Трамп мунай рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн АКШнын резервдерин ачууга даяр


АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясындагы Saudi Aramco концернинин эки заводуна дрондон чабуул болгондон кийин абалды турукташтыруу үчүн зарыл болсо мунайдын стратегиялык запасын колдонууга буйрук берди. Бул тууралуу Трамп “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Трамп Кошмо Штаттар чабуулдун артында ким турарын билерин, жооп кайтарууга даяр экенин, бирок Эр-Рияддын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.

The Washington Post гезити өз булагына таянуу менен АКШнын администрациясы чындап эле кол салууга жооп берүүнү караштырып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, жекшембиде Трамп АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен жолуккан.

14-сентябрда Сауд Арабиясындагы Saudi Aramco мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү дүйнөлүк рынокто чийки мунай беш пайызга тартыш болот. Кол салууга байланыштуу Сауд Арабияда мунай өндүрүүнүн бир күндүк нормасы 5,7 миллион баррелге кыскарды.

Чабуул үчүн Иран колдогон йемендик хусит козголоңчулар жоопкерчилик алды.

Сауд Арабиясындагы окуяга байланыштуу мунайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлдү. Brent үлгүсүндөгү мунай Лондон биржасында 13 пайызга жогорулап, бир баррели 70 долларды түзүүдө.

XS
SM
MD
LG