Ссылки доступа

Москвада тажик мигранттарынын саясий кыймылы түзүлдү (видео)


Москвада жашаган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон “Өзгөрүүлөр, реформалар жана өнүгүү” партиясы түзүлгөнүн жарыялады.

Жаңы саясий биримдиктин максаты – мигранттардын Тажикстандын саясий жашоосуна, анын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышуусуна өбөлгө болуу. Партияга Орусияда гана эмес башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары да жазыла алат.

В Москве создано новое политдвижение таджикских гастарбайтеров и беженцев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Партия жетекчилери жакын арада Тажикстан Юстиция министрлигинен расмий түрдө каттоодон өтүүнү пландаштырууда. Андан соң Тажикстанда жана чет өлкөлөрдө партиянын бөлүмдөрү ачылат.

Тажик мигранттарынын башын бириктирген саясий кыймыл биринчи жолу түзүлүп жаткан жери жок. Буга окшогон партиялардын уюштуруучулары Тажикстанда куугунтукка алынып келген. Маселен, мурдагы өнөр жай министри Зайд Саидов “Жаңы Тажикстан” партиясын түзүү ниетин билдиргенден кийин коррупцияга айыпталып, 2013-жылы 26 жылга соттолгон. Ишкер Ибрагим Максудов 2015-жылы 13 жылга эркинен ажыратылган. Анын орус жарандыгы бар экенине карабай, Москвадан Душанбеге экстрадициялап жиберишкен.

XS
SM
MD
LG