Ссылки доступа

Түркмөнстанда Эгемендүүлүк майрамынын алдында үй-жайсыз кишилер атайын жайга жеткирилүүдө


Түркмөнстандын Мары облусунда полиция кызматкерлери селсаяктарды кармоо боюнча атайын рейд жүргүзүшүүдө.

Алар көчөдө, көп кабаттуу имараттардын жер төлөсүндө жүргөн үй-жайсыз кишилерди автоунаага салып, атайын жайга алып кетишүүдө. «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, туруктуу жашаган жери жок адамдарды кармоо кампаниясы – Эгемендүүлүк майрамына карата көчөлөрдү тазалоо максатында жүргүзүлүүдө.

Түркмөнстанда майрам же маанилүү иш-чаралар алдында селсаяктарды кармоо кадыресе көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет.

Өлкө Көз карандысыздык майрамын 27-октябрда белгилейт.

XS
SM
MD
LG