Ссылки доступа

Чорос-Гуркиндин көөнөргүс мурасы (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кайрак жерге бак тиккен багбан. Кочкор районунун тургуну Болот Асанбеков Бугучу айылындагы суу жетпеген он беш гектар кайрак жерге өрүк менен кайналынын көчөтүн тиккен. Багбандын кыялы какыраган талааны гүлдөгөн бакчага айлантуу. Гектарлаган аянттагы өрүкзарды ишкер жайы менен сырттан суу ташып келип сугарды. (видео)

- «ВИЧ баламды алып тынды». ВИЧ буга чейин Айгүлдүн жолдошун алып кеткен. Жакында тогуздагы баласын алып тынды. Үй-бүлөсү менен ВИЧ-инфекциясына кабылган келин «Азаттыкка» арманын айтып келди. (видео)

- «Инстаграмда» ишин жүргүзгөн саясатчылар. «Азаттык+» бул жолу жаштарга жакын социалдык тармактар тууралуу берүү даярдады. Соцтармакты эң активдүү колдонгон саясатчылар кимдер, алар баракчаларын өздөрү алып барышабы, сүрөт, видеолорун кантип монтаждашат, өздөрү кимдердин баракчаларына жазылган - баарын ушул берүүдөн таба аласыз. Баса, берүүдө СММ адисинен пайдалуу кеңештер да бар. (видео)

- Советбек: Балам мени «Апа» дейт. Элүү жаштагы Советбек Бейшебеков баласын жалгыз чоңойтуп келет. Анткени аялы баласы эки айлык кезинде Орусияга кеткен. Кээде курулуштагы ишине баласын көтөрүп алып барган ата бир жаштан өткөн уулуна татыктуу тарбия берүүнү самайт. (видео)

- Кыргызстанда кум шекер заводдору банкрот алдында (видео Директ)

- Казакстанда 21 жаштагы кумса зомбулукка кабылды. (видео)

- Түркмөнстан Эгемендүүлүк майрамын белгиледи. (видео)​

- Орус жана тажик банктары ыкчам транзакциялар тууралуу келишимге кол коюшту​. (видео Директ)​

- Оштон Анжиянга автобус каттайт. (видео)

- Кытайдан келген таттуулар кооптуубу? Тажикстанда Кытайдан таттуу алып келүүгө тыюу салынган. Бирок алар өлкөдөгү бардык дүкөндөрдө сатылууда жана курамында эмнелер бар экени белгисиз. (Настоящее время)

- Сауд Арабиясы туристтик виза ачууда (видео Директ)

- Теракттар жана добуш берүү. Ооганстанда президенттик шайлоодо коопсуздукту кантип камсыздашууда? (видео Директ)

- Донбасс тынчтыкты күтүүдө (видео Директ)

- Чорос-Гуркиндин көөнөргүс мурасы (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG