Ссылки доступа

Тажикстан өкмөт башчысы БУУда терроризмге каршы күрөшүү маселесин көтөрдү


Кохир Расулзода

Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында сөз сүйлөп, БУУга мүчө өлкөлөрдү Интернетти экстремисттик идеаларды таркатуу жана жаштарды террордук топтордун катарына тартуу үчүн колдонууга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

– Эл аралык терроризмди жок кылуу үчүн бардык чараларды колдонуу керек. Аларды каржылык, саясий жана аскердик колдоодон ажыратуу зарыл. Биз Интернеттин экстремисттик идеаларды пропагандалоо жана террордук уюмдардын катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу үчүн колдонулушун бөгөттөшүбүз керек.

Тажикстан премьер-министри маңзат аткезчилиги – терроризмдин негизги булагы бойдон калып жатканын белгиледи. Ал БУУну Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган атайын топ түзүүнү колдоого чакырды.

2014-жылдан бери Сирия жана Иракка Тажикстандан 2000ге чукул киши чыгып кеткен. Алардын көбү «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук уюмдарга кошулушкан. Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери алар негизинен социалдык түйүндөр аркылуу азгырылган деп эсептешет.

Видео

XS
SM
MD
LG