Министрлик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды алуучулардын категориясын жарыялап, тизмеде жаңы төлөм жок экенин белгиледи.
Министрлик учурда даректүү социалдык жардам берүүнүн жаңы механизмдери иштелип жатканын, ал ачыктык, адилеттүүлүк жана эмгекке шыктандыруу принциптерине негизделерин маалымдоодо.
Сентябрдын башында Токаев калкка кайрылуу жасап, даректүү социалдык жардам берүүнүн «маңызсыз жашоо образына» жетелеген механизмдерин өзгөртүүнү сунуштаган. Ал өлкөдө «жалкоолор, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар арбып баратат» деп билдирген. Казак бийлигинин маалыматына караганда, беш жылда даректүү социалдык жардам алуучулардын саны 77 миңден 1,8 миллион кишиге чейин көбөйгөн.
Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.