«Эмгек кодексинин тиешелүү нормаларына ылайык, тапшырманы аткарбагандыгы жана көңүл коштук кылгандыгы үчүн №47 мектептин директорунун орун басары Шухрат Очиловго сөгүш жарыяланды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Бирок анда мугалим Эмгек кодексинин кайсыл беренеси менен жазаланганы так айтылган эмес.
Өткөн жумада Ургут районундагы аталган мектепте жогорку класстын 20дан ашык окуучусунун чачы күч менен алынганы кабарланган. Алар социалдык түйүндөргө сүрөттөрүн жарыялап, мугалим баштарына кайчы менен жаракат келтиргенин билдиришкен.