Ссылки доступа

Түрк депутатынын үйүндө өлгөн өзбекстандык кыз сойкулукка айыпталууда


Түркия прокуратурасы Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын депутаты, отставкадагы генерал Ширин Үналдын үйүндө октон алган жаратынан улам мерт болгон өзбекстандык Надира Кадырованын ишин териштире баштады. Бул тууралуу Cumhuriyet басылмасы билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө прокуратура Надиранын досу Лейла Ниязованы суракка алган. Прокуратура тергөөчүлөрү маркумду жана анын досун сойкулук менен алектенүүгө айыптаган.

«Мен Надиранын сойкулук менен алектенишине түрткү болуп, бул үчүн ага шарт түзгөн эмесмин. Мен Ташкентке текстиль жөнөтүп, ушул бизнесте акча табам. Менде бардык чектер сакталуу, айткандарымды далилдеп бере алам. Надира менин үйүмдө бир да жолу түнөгөн эмес», – деген ал.

Надира Кадырова Түркияга иштөө үчүн төрт жыл мурун келген. Акыркы жылы ал Ширин Үналдын үйүндө кызматчы болуп иштеген. Ал генералдын карыган апасын караган. Өзбекстандыктын сөөгү 24-сентябрда Үналдын Анкарадагы үйүндө табылган, анын жанында генералга таандык пистолет болгон. Бул учурда Үнал жана башка үй-бүлө мүчөлөрү да үйдө болгон.

Маркумдун сөөгү мекенине 25-сентябрда жеткирилген. Кадырованын агасы Мухаммадали Кадыров карындашы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн сынактарга даярданып жүргөнүн жана өз өмүрүнө кол салууга эч кандай себеп болбогонун билдирүүдө.

Өткөн аптада Өзбекстандын Анкарадагы Башкы консулдугунун өкүлү Түркияга келген маркумдун агасына дипломатиялык өкүлчүлүк күчтүү адвокат таап берүүгө көмөктөшө турганын айткан.

XS
SM
MD
LG