Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучу мындан тышкары жабырлануучулар фондуна 50 миң теңге же 128 доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, соттолуучу гашиш сатуу тууралуу жарыяларды Telegram мессенджеринде жайылтып, акчасын мобилдик тиркеме аркылуу алып турган. Тергөө маалында айыпталуучуга маңзатты кимдер жеткирип турганын аныктоо мүмкүн болгон эмес.
Сотто айыпталуучу маңзат сатпаганын билдирип, гашиш сактаганын гана мойнуна алды.
Алгачкы берген көрсөтмөлөрүндө ал айыптоолордун бардыгын мойнуна алган. Бирок кийин ага карата укук коргоо органдары тарабынан кысым болбогонун айтып, көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан.