Ссылки доступа

Кытайлык компания Тажикстандагы күмүш кенин иштетет


Тажикстан парламенти Мургаб районундагы "Якчилва" күмүш кенин кытай инвесторлоруна берүүнү чечти. Компания жети жылга салыктан бошотулду, эч кандай төлөмсүз жабдууларды жана техникаларды алып кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бирок компания жергиликтүү тургундарды ишке алууга жана окутууга милдеттүү.

"Инвестор кенди өздөштүрүүгө, калдыктарды сактоочу жай курууга, электр линияларын тартууга 385 миллион сомони (40 млн доллар) жумшайт. Инвестор алгачкы үч жылда жумуш орундарынын 60% жергиликтүү тургундар менен толуктайт, кийинчерээк бул сан 80% чейин көбөйөт. Жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн инвестор жылына 500 миң сомони бөлүүгө тийиш", – деди мамлекеттик инвестиция комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода.

Кытайлык компания жети жыл салыктан боштулганы менен чалгындалган күмүштүн запасын үч жылда эле казып бүтөт. "Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент" компаниясынын өкүлү Юан Ин Ху геологиялык чалгындоо жана тесттик түрдө казуу иштери уланып жатканын айтты:

– Бир жылда эле 40 тонна күмүш каза алабыз. Бүгүнкү күндө чалгындалган күмүштүн запасы 113 тоннаны түзөт.

Сколько страны Центральной Азии должны Китаю?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Памир тоолорундагы "Якчилва" күмүш кени деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан.

XS
SM
MD
LG