Тургумбаев иликтөөнү Экономикалык иликтөөлөр кызматы жүргүзүп жатканын, бул иш боюнча шектелип жаткан дарыгерлерди камоого сот санкция бергенин айтты.
Алматы полиция департаментинин башчысы Серик Кудебаевдин уулу, 29 жаштагы Нурсултан Кудебаев август айынын аягында Германияда ооруканадан каза тапкан. Чет өлкөгө жөнөтүлгөнгө чейин ал Алматы шаарындагы № 4 ооруканада операция болгон. Ал квадроциклден жыгылып жаракат алган. Маркум Алматы шаарынын Алатау районунун прокурорунун орун басары болгон.
Сентябрдын башында Нурсултан Кудебаевдин өлүмүнө байланыштуу хурург жана анестезиолог-реаниматологдун камакка алынышы алардын кесиптештери менен туугандарынын арасында нааразылык жараткан. Дарыгерлер 25-сентябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Буга чейин Тезекбаевдин аялы абакта күйөөсүнүн чачын кырып ташташканын жана ал моралдык жактан чөгүп кеткенин билдирген.
ИИМ башчысы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо максатында шектүүлөрдүн чачын бир жарым сантиметрге чейин алуу жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарууга убада берди.