Ссылки доступа

Түркмөнстанда чет өлкөлүк паспорт алууну каалагандар көбөйүүдө


Миграциялык кызматтын Түркмөнабад шаарындагы бөлүмү (архив сүрөт)
Миграциялык кызматтын Түркмөнабад шаарындагы бөлүмү (архив сүрөт)

Түркмөнстандын Лебап облусунда чет өлкөлүк паспорт алууну каалаган жарандарга алдын ала кезекке туруп коюу сунушталып, бирок документтерди кабыл алуу 2020-жылы февралда баштала турганы айтылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, буга карабастан облустун административдик борбору эсептелген Түркмөнабад шаарындагы миграциялык кызматтын алдында кезек күткөн адамдар көп болууда.

— Миграциялык кызматка кайрылган жарандарга кезекке тургандыгы жазылган атайын карталар берилип, документтерди кабыл алуу 2020-жылы февралда баштала тургандыгы айтылып жатат. Ошол эле маалда мекеме өкүлдөрү арыз кабыл алынгандан кийин паспортту даярдоого дагы эки ай убакыт талап кылынарын билдиришүүдө.

Азырынча чет өлкөлүк паспорттор үчүн документтерди кабыл алуунун тартиптери тууралуу Түркмөнабад шаардык миграция бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин өлкөнүн Дашөгүз облусундагы Миграциялык кызматтын имаратында дагы кезек күткөндөр көбөйгөнү кабарланган. Жергиликтүү байкоочулар чет элдик паспортторго карата суроо-талаптын жогорулашын башка мамлекеттерге иштегенге жана окууга кеткен жарандардын көбөйүп жаткандыгы менен байланыштырышууда.

XS
SM
MD
LG