«Оскар» тапшыруу аземи 2020-жылы февралдын аягында же марттын башында Лос-Анжелесте (АКШ) өтөт.
«Казак хандыгы. Алтын так» – «Казак хандыгы» сериалынын киноверсиясы. Сериал менен тасма Ильяс Есенберлиндин «Көчмөндөр» романынын биринчи китеби – «Алмаз кылычтын» негизинде тартылган. Фильмде 15-кылымдагы казак хандыгынын түптөлүшү тууралуу баяндалат.
Казакстан эгемендүүлүктү алган 1991-жылы «Оскар» үчүн күрөшкө «Отрардын өлүмү» фильми менен катышкан. Мындан кийин казак фильмдери 15 жыл сыйлыкка сунушталган эмес. 2007-жылы өлкө «Оскар» сыйлыгына орусиялык режиссер Сергей Бодровдун Чынгызхан жөнүндөгү «Монгол» фильмин көрсөткөн. Ал «Оскардын» кыска тизмесине кирген.
2009-жылы Казакстан «Оскар» сыйлыгына Ермек Турсуновдун «Келин» тасмасын сунуштаган. Бирок ал шорт-листке илинбей калган.