Ссылки доступа

Өзбек ырчылары тойлорго киргизилген чектөөгө нааразы


Өзбек ырчылары үйлөнүү үлпөттөрүндө аткаруучулардын санына чектөө киргизилишине нааразы. Сентябрда Өзбекстан парламенти той чыгымдарын азайтуу үчүн музыканттардын, коноктордун жана кортеждеги транспорт каражаттарынын санын кыскартуу боюнча жаңы эреже кабыл алган.

Бирок көптөгөн өзбек ырчылары тойлордо кызмат кылуу менен өздөрүнүн эле эмес көптөгөн үй-бүлөлөрдү багышарын билдиришүүдө. Ырчы Муниса Ризаева үйлөнүү тоюнда төрт ыр аткарып, 800 доллар табарын жана аны жамааты менен бөлүшөрүн айтты. Бул сумманын ичинен 450 доллар алты музыкантка, эки айдоочуга жана эки жан сакчыга бөлүштүрүлүп берилет.

Ырчы 350 долларды өзүнө калтырарын, анын бир бөлүгүн ыр жазган, видео тарткан, телекөрсөтүү жана радиого чыгууну уюштурган кишилерге таратып берерин кошумчалады:

– Менин тапкан акчам ай сайын 150 кишиге пайда алып келет, – деди Ризаева.

Жаңы эрежеге каршы чыккандардын арасында – Райхон, Улугбек Рахматуллаев, Мавлюда Асалхожаева, Рашид Холигов, Шахзода, Жахонгир Отажонов, Фаррух Закиров жана Юлдуз Усманова да бар.

Жаңы эрежеге ылайык, үйлөнүү тоюна 250 кишиден ашык киши чакырууга тыюу салынат, экиден көп ырчы, кортежде үчтөн ашык автоунаа болбоого тийиш.

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөттөрү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле жүздөгөн коноктордун, бир нече ырчылардын катышуусунда өтөт. Мындай шаан-шөкөттөн кийин үй-бүлө карызга баткан учурлар да арбын.

Өзбекстанда орточо айлык акы айына 2,1 миллион сумду (250 доллар) түзөт.

XS
SM
MD
LG