Азамат кафе үчүн дудуктарды агасынын жардамы менен тапкан:
– Менин агам өзү да дудук. Ал көпкө жумуш таппай жүрдү.
Кафенин туруктуу кардарлары да пайда болду. Тамак-аш тандоо оор эмес. Бул жерде аш тизме сүрөттөр менен көрсөтүлгөн, ал эми дубалдарда негизги жаңдоолорду түшүндүргөн баракчалар илинген.
Кафе кызматкерлеринин көбү – башка аймактардан келип иштегендер. Ринат Нурым – талдыкоргондук. Кафе тууралуу ал досторунан угуп, бул жерде иштөөнү каалаган:
– Бизге ар ким эле иштөө мүмкүнчүлүгүн бере бербейт. Антсе да көбү официант же ашпозчу болуп иштегиси келет. Шаарга келгениме эч өкүнбөйм.
Кафени ачуу үчүн Азамат Базылов батир сатып алууга топтогон акчасын жумшаган. Атасы автоунаасын сатып, жардам берген.