Балтабай президент Токаевге ачык кат жолдоп, бийлик ага кесиптик ишин жүргүзүүгө, кесиптик кошуун башчылыгына талапкер болууга тоскоол болуп жатканын жазган.
Балтабай райондук соттун өкүмүн даттанарын, сот аркылуу акталууга болгон күчүн жумшай турганын кошумчалады.
17-июлда Чымкентте көз карандысыз “Татыктуу эмгек” кесиптик кошуунунун төрагасы Ерлан Балтабай уюмдун акчасын кымыруу айыбы менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Балтабай күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Ерлан Балтабай уюмдун акчасын уурдабаганын, бирок 2015-жылы кесиптик кошуундун иши токтотулгандыгына байланыштуу топтолгон каражатты сактоо боюнча чара көрүүгө аргасыз болгонун айткан.