Ссылки доступа

Сокулукта автобус 5-класстын окуучусун тебелеп кетип каза болду


Сокулук районун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу эл ташыган №18 автобуска тебеленип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 3-октябрда болгон. Маалыматка караганда окуучу автобустун арткы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Ал ошол жерден мүрт кеткен.

Учурда окуя иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG