Ссылки доступа

Казакстан: тергөө абагында ачкачылык жарыялаган сегиз адамдын экөө тамак иче баштады


Казакстанда «терроризмге үгүттөө» жана «диний кастыкты козутуу» айыбы менен соттолуп, өкүмгө нааразылык катары 30-сентябрда ачкачылык жарыялаган сегиз адамдын экөө тамак иче баштады.

Бул тууралуу соттолгондордун туугандары билдиришти. Алардын айтымында, Азамат Умбеталиев менен Жасулан Искаков ачкачылыкты токтотту.

Азамат Умбеталиевдин апасы Анжелика Беляева уулу ачкачылыкты апелляциялык сотко чейин убактылуу токтоткондугу тууралуу арыз жазганын билдирди.

5-августта Алматыда «терроризмге үгүттөө», «диний кастыкты козутуу» айыбы менен Болатбек Нургалиев сегиз, Ернар Саматов менен Бекет Мынбасов жети жылдан эрктеринен ажыратылган. Мындан тышкары «кастыкты козутууга» айыпталган Азамат Умбеталиев, Жасулан Искаков, Самат Адилов, Назим Абдрахманов жана Есим Сулейменов беш жылдан соттолушкан.​

Иштин материалдарына ылайык, Болатбек Нургалиев «терроризм жана салафизм идеясын пропагандалоо жана бул агымдын жактоочуларын көбөйтүү» максатында WhatsApp мессенджеринде топ ачып, ага «тилектештерин» кошкон. Өкүмгө ылайык, алар анда «диний темаларды талкуулап, терроризмди пропагандалоо менен диний кастыкты козутушкан».

Соттолуучулар күнөөсүн мойнуна албай, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG