УКК тараткан маалыматта Битимбаев аттуу адамга “терроризмге даярдык көрүү, терроризмди пропагандалоо, диний кастыкты козутуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо” боюнча айып тагылган.
Текшерүү учурунда анын коомдук жайларда теракт жасоого даярдык көргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Сот өкүмүн Алматынын Алмалы райондук соту чыгарган.
Шектүү апрель айында Алматыда кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Сирияга барып, жоочулардын катарына кошулуу ниетин көздөгөн. Тинтүү учурунда курал-жарактар, колго жасалган жардыруучу заттар табылган.
2018-жылы июлда Казакстандын атайын кызматы Сирия жана Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга 800 казакстандык жаран чыгып кеткенин билдирген. Быйыл жыл башында 500дөн ашуун киши Сириядан кайтарылган, алардын көбү – балдар жана аялдар. Казакстанга кайтарылган жарандардын айрымдары террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого күнөөлөнүп, ар кыл мөөнөткө соттолгон.