Ссылки доступа

Human Rights Watch: Түркмөн бийлиги Касымберди Гараевди тез арада бошотушу керек


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Түркмөнстандан Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынгандыгын түшүндүрүүнү талап кылды. Гараев кумса экенин ачык айткандан кийин полицияга чакырылып, ошол бойдон дайынсыз болууда.

«Өзүнүн сексуалдык ориентациясы тууралуу ачык айткандыгы үчүн Касымберди Гараевдин сырткы дүйнө менен байланышсыз кармалып жатканына тынчсыздануубузду билдиребиз. Түркмөнстанда адам укуктарынын абалы өтөт начар бойдон калып жатканын эске алганда, бизде анын коопсуздугу үчүн тынчсыздануубузга толук негиз бар, — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Денбер.

21-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы жеке коопсуздугу үчүн Гараевдин атын Камил деп өзгөртүп макала жарыялаган. Анда ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Касымберди кумса экенин ачык айткан. Бул макала жарыялангандан кийин ал 24-октябрда полицияга чакырылганын кабарлаган.

25-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып, Улуттук коопсуздук министрлиги маалымат каражаттарында өзүнүн кумсалыгын ачык айтып чыккан адамды издөөгө алып, жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганын билдирген.

Журналисттер Ашхабаддагы кардиология борборуна кайрылышканда, ал жакта Касымберди Гараев аттуу адам мындан ары иштебей турганын айтышкан. Ал эми анын үй-бүлөсү Ашхабаддагы үйүнөн көчүп кеткени маалым болду.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурунку союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жаш дарыгер 13-октябрда үй-бүлөсүнө видеокайрылуу жолдогон

Касымберды Гараев: Простите меня! Я ни в чём не виноват!
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00
XS
SM
MD
LG