Ссылки доступа

Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу мүмкүн


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймагына соода-логистикалык борбор курууга чакырды. Бул тууралуу ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

— Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт, — деп билдирди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.

ШКУ - 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.

Төрт өлкө - Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия - байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка - ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.

XS
SM
MD
LG