Ссылки доступа

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы үчүн кечирим сурады


Ислам Кадыров аялды коркутуп жатат. «Грозный» телеканалы көрсөткөн сюжеттеги кадр
Ислам Кадыров аялды коркутуп жатат. «Грозный» телеканалы көрсөткөн сюжеттеги кадр

Грозныйдын мурдагы мэри Ислам Кадыров калаа башчысы болуп турганда тургундарга каршы электрошокер колдонуп, аларды кемсинткендиги үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги экс-мэрдин жергиликтүү «Грозный» телеканалына берген интервьюсуна шилтеме кылып билдирди.

«Менин актанууга акым жок, жүз пайыз күнөөлүүмүн. Кетирген каталарым үчүн кечирим суроого даярмын. Ошол эле маалда менин аракеттеримде эч кандай жаман ой болгон эмес, шылуундарга алданган адамдарга жардам бергим келген. <...> Мага 29 жолу наркоз берип, дарыланышым керектигин айтышкан. Бирок мен баарын туура кылып, адамдарга жардам берип жатам деп ойлогом. Азыр анын баары ката экенин түшүндүм», — деди экс-мэр.

Ислам Кадыров – Рамзан Кадыровдун аталаш иниси. Ал Грозныйдын башчысы кызматына 2012-жылы 25 жашында шайланып, Орусиядагы эң жаш мэр болуп калган. Бул кызматта ал үч жыл иштеген.

Октябрдын ортосунда Чеченстандын мамлекеттик «Грозный» телеканалы экс-мэр Ислам Кадыровдун иштөө ыкмасы тууралуу баяндалган сюжет көрсөткөн. Ал мурдагы калаа башчынын электрошокер колдонуп, адамдарды коркутуп жатканы тартылган видеотасмалар менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG