Ссылки доступа

Трамптын импичмент ишине себеп болгон чалгынчы көрсөтмө берүүгө макул болду


АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселесине себеп болгон америкалык чалгынчы Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетиндеги республикачылардын суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макул болду. Бул тууралуу CBS News телеканалына анын адвокаты Марк Заид билдирди.

Республикачылар импичмент жол-жоболору адилетсиз өтүп жатканын, Өкүлдөр палатасындагы азчылыктардын суроо берүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенине даттанып келишет.

Адвокаттын айтымында, суроолорго кат түрүндө жооп берүү импичмент процедураларын баштоого жол ачкан кишини сыр сактоого мүмкүнчүлүк түзөт. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп информатордун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылган.

Жекшембиде Трамп журналисттер менен баарлашып жатып, анонимдүү информатор “Бреннандын (ЦРУнун мурдагы башчысы), Трампты жек көргөн Обаманын кишиси” экенин жана анын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айткан.

Президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген чыр Дональд Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин чыккан. Президенттердин бул сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты АКШнын чалгын кызматкери жетекчисине билдирген.

Демократтар анда Трамп өзүнүн саясий атаандашы Жо Байдендин Украинадагы ишин иликтеш үчүн Зеленскийге басым кылганын айтышкан. Трамп Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу чечимин куугунтук катары сыпаттап жатат.

XS
SM
MD
LG