Ссылки доступа

HRW Нур-Султанды реформаларды ишке ашырууга чакырды


Human Rights Watch укук коргоо уюму Нур-Султанды тынч жыйын өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алууга жана куугунтуктоолорду токтотууга чакырды.

Казакстан 7-ноябрда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында баяндама жасайт.

Human Rights Watch укук коргоо уюму Касым-Жомарт Токаев президент болгондон кийин Казакстанды БУУнун адам укуктары боюнча нормаларына жакындата алган жок деп эсептейт.

HRW Токаев сентябрдын башында адам укуктарын коргоону күчөтүүгө, сот жана укук коргоо системаларын реформалоого убада бергенин эске салган. Бирок Казакстанда мурдагыдай эле нааразылык акциялары учурунда кишилерди кармоо уланып жатканы айтылган.

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордун баскан Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал президент болуп шайлангандан кийин митингдер тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыга турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG