Ссылки доступа

Түркия ИМ тобунун мурдагы лидеринин эжесин кармады


Абу Бакр аль-Багдади
Абу Бакр аль-Багдади

Түрк аскер кызматкерлери “Ислам мамлекети” террордук тобунун мурдагы лидери аль-Багдадинин эжесин кармашты. Бул тууралуу түрк басылмалары жогорку кызматтагы түрк аткаминерине шилтеме жасоо менен билдиришти.

Маалыматка караганда, 65 жаштагы Расмия Авад үй-бүлөсү менен түрк-сирия чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан Азаз шаарынан алыс эмес жерде контейнерден салынган үйдө жашырынып жүргөн. Ал дүйшөмбү күнү кечинде атайын операциянын алкагында кармалды. Аны менен кошо күйөөсү, келини жана беш баласы колго түштү.

Өткөн айда аль-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Рейд учурунда ИМ тобу тууралуу маанилүү маалыматтар камтылган документтер табылган.

XS
SM
MD
LG