Ссылки доступа

Быйыл Тажикстандын 9 миңден ашык жараны Орусияга көчүп кетүү үчүн арыз берди (видео)


Тажикстанда жыл башынан бери 9 миңден ашык жаран Душанбедеги Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. Алардын бардыгы орус жарандыгын алууну жана үй-бүлөсү менен бул өлкөгө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетүүнү каалашат.

Арыз бергендердин көбү мындай кадамга мекенинде жумуштун жоктугунан жана балдарын татыктуу келечек менен камсыз кылууну каалагандыктан барып жатышканын билдиришүүдө. Өз кезегинде тажик бийлиги өлкөдө миңдеген бош жумуш орундары бар экенин айтып келет. Бирок жарандар көпчүлүк учурларда айлык аз болгондуктан, ал жумуштардан баш тартышат.

Длинные очереди у представительства ФМС России в Таджикистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Вячеслав Маркевичтин айтымында, арыз бергендердин төрттөн бири гана Орусияга көчүп барууга уруксат алат. Калганы программанын талаптарына жооп бербей калышат.

— Алар орус тилин тийиштүү деңгээлде билишпейт, жогорку билими жок же тиешелүү иш тажрыйбага ээ эмес адамдар. Мындан тышкары Орусияда жашоону каалабаган адамдарга дагы орус жарандыгын берүүдөн баш тартып жатабыз. Анткени «Мекендештер» программасынын максаты башка. Биз Орусияда туруктуу жашай турган адамдарды тандап алышыбыз керек, — деди Маркевич.

Эмгек мигранттары үчүн орус жарандыгы көбүнчө эмгек патентин алуу зарылдыгынан жана полиция кызматкерлеринин текшерүүсүнөн кутулуу үчүн керек. Мындан тышкары алар орус паспортунун жардамы менен айлыктарын өз учурунда алууну жана башка жеңилдиктерге ээ болууну каалашат.

Жыл сайын аталган программа менен Орусияга көчүп кетүүнү каалаган тажик жарандарынын саны 10-15 пайызга көбөйүүдө.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө Тажикстандын 1 миллион 300 миңден ашык жараны жашайт жана иштейт.

XS
SM
MD
LG