Бир нече жума мурда Конгрессте көрсөтмө берген Содланд былтыр кабыл алынган чечимдин чоо-жайы эсинде жок экенин айтып, эмне себептен Украинага аскердик жардам токтотулгандыгы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тарткан. Шейшемби күнү ал бул көрсөтмөсүнө толуктоолорду киргизип, быйыл сентябрда украин президенти Владимир Зеленскийдин жардамчысы Андрей Ермак менен сүйлөшүп, «аскердик жардамды калыбына келтирүү Киев менен талкууланган антикоррупциялык билдирүү жасалмайынча ишке ашпай турганын» билдиргенин жазган. Анда алар директору президенттикке талапкер Жо Байдендин уулу Хантер Байден эсептелген «Бурисма» компаниясы жөнүндө сүйлөшкөн. Сондланддын айтымында, президент аскердик жардамды калыбына келтирүүнүн себептери тууралуу ага эч нерсе айткан эмес.
— Телефон менен сүйлөшкөндө Трамп «Зеленский туура чечим кабыл алышы керек» деп айткан. Мен бул сөздөрдү президент «Бурисманын» ишмердүүлү боюнча тергөө жүргүзүүнү каалап жатат деп түшүнгөм, — деди Сондланд.
Учурда Конгресстин Өкүлдөр палатасында Трамп 2020-жылкы президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байдендин уулуна карата Украинада иликтөө баштатуу үчүн Киевге басым жасаган-жасабагандыгы боюнча иликтөө жүрүүдө. Конгрессмендер эгер басым болгондугу аныкталса, ал президентке импичмент жарыялоого негиз болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.