Маалыматка караганда, учурда Көк-Жайлоо өзөнү курулуш жана тоо-лыжа курорту үчүн бериле турган жерлердин категориясында турат. Активисттер өзөндө курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салып, жер кыртышын рекультивациялоого үндөшүүдө.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев октябрда 16 жылдан бери талаш жаратып келген Көк-Жайлоо өзөнүндө тоо-лыжа курортун курууга тыюу саларын билдирген.
«Зеленое спасение» коомдук уюму президенттин билдирүүсүн колдой турганын, бирок өзөндү жана Иле-Алатау улуттук паркын сактоо үчүн бир катар чараларды кабыл алуу керектигин белгилейт.