Ссылки доступа

Өзбекстанда пахта терим учурунда милиционер каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

30-октябрда Бухара облусунун Жондор районунда милиция кызматкери айдап бараткан автоунаа трактор менен сүзүшүп, өрттөнүп кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, облустагы Алат райондук ички иштер башкармалыгынын офицери Шохидбек Жумаев ошол жерде дароо мерт болду.

– Ал катуу ылдамдыкта келатып пахта жүктөлгөн трактордун чиркегичине сүзүлдү. Жыйынтыгында анын унаасындагы газ баллон жарылып, өзү өрттөнүп кетти, — деди күбө.

​Бул маалыматты Алат райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ырасташты.

Өзбекстанда жыл сайын пахта терүү өнөктүгү маалында адамдар каза болот. Быйыл октябрдын ортосунда Сырдарыя облусундагы пахта талаасында уктап жаткан эки жоокерди трактор тепселеп кетип, мерт болушкан.

28-октябрда Жондор районунда адамдарды пахта талаасына алып бараткан автобус менен «Матиз» үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жүргүнчүлөр арасында жабыркандар жок, жеңил унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG