"Мен негизинен Казакстанда жашайм, бирок Өзбекстанда кыштайм, анткени ал жак жагат. Мен Бухарага барайын дегем. Бирок паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй, кайра Алматыга жөнөтүшөрүн айтышты. Мага Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынган экен, себептерин айтышкан жок", – деди Евгений Бунин.
Ал Шинжаңдагы уйгурлардын маселеси менен алектенип жүргөнүн, Өзбекстанга киргизилбегенинин себеби да ушунда экенин билдирүүдө:
– Мен Шинжаңда курман болгондор, жоголуп кеткендер тууралуу маалымат топтоп, алардын туугандарынын көрсөтмөлөрүн чогултуп жүрөм. Учурда базада 5400дөй уйгур бар. Мен бул маселени жакшы билген эксперттердин биримин. Кытай менен мамилеси дурус болгон Өзбекстан өкмөтү менин ишмердүүлүгүмөн кооптонуп жатса керек.
Буга чейин орусиялык антрополог Сергей Абашин, белгилүү сүрөтчү Константин Саломатин, BBC World Service Central Asia башчысы Хамид Исмаилов, Өзбекстан парламентинин мурдагы мүчөсү Насрулло Саид, АКШ жараны Бобур Хасан, BBCнин Борбор Азия боюнча кабарчысы Наталья Антелава, «Новая газетанын» сүрөтчүсү Виктория Ивлева, кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилова белгисиз себептерден улам Өзбекстанга киргизилген эмес.