Ссылки доступа

Минск тажик оппозиционерин Душанбеге өткөрүп берүүдөн баш тартты


Беларус бийлиги оппозициячыл активист жана журналист Фарход Одинаевди Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты. Ал өз өлкөсүндө тыюу салынган уюмду жана экстремизмди колдогон деген шек менен изделүүдө.

Беларусиялык Human Constanta укук коргоо уюмунун өкүлү Наста Лойка Одинаев Орусияга жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Беларусиянын миграция кызматы журналистти Тажикстандын суроосу менен ал 25-сентябрда Польшага адам укуктары боюнча конференцияга катышуу үчүн баратканда кармаган.

Одинаев Орусиянын жана Тажикстандын жараны. Мурда “Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү болгон. 2013-жылы бир нече ай Москвада жайгашкан оппозициялык маанайдагы Safo TV телеканалын жетектеген.

7-октябрда 11 эл аралык укук коргоо уюму Фархад Одинаевди Тажикстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен беларус бийлигине кайрылган.

XS
SM
MD
LG