Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.
Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.