Ссылки доступа

Песков: Кремль Кадыровдун интернет колдонуучуларды «өлтүрүү» чакырыгын текшербейт


Рамзан Кадыров менен Владимир Путин
Рамзан Кадыров менен Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун интернет колдонуучуларды «өлтүрүү» тууралуу билдирүүсүн текшербей турганын айтты.

5-ноябрда Кадыров аймактын өкмөт жыйынында «ынтымакты бузуп, ушак-айың жана бөлүп-жаруу менен алектенгендерди «өлтүрүп, камап, коркутуп токтотуу керектигин» айткан.

— Мындан башка аракеттерден майнап чыкпайт. Атайын кызматтар, полиция, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук уюмдар интернетте адамдын «кадыр-баркына шек келтиргендерди» аныктап, мыйзамга каршы келсе дагы алардын артынан түшүүсү керек, — деп билдирген Кадыров.

Песков Кадыровдун айткандарына укук коргоо органдары баа бериши керектигин белгилеп, бирок анын сөздөрүнүн чечен тилинен котормосу туура экенинен шек санап жатканын билдирди:

— Мен ал жыйындагы стенограмманын түп нускасын, Кадыровдун айткан сөздөрүнүн көчүрмөсүн окуган жокмун. Анын айткандарын биринчилерден болуп жарыялаган Би-Би-Синин котормосунун туура экенинен шегим бар. Мен аны алгачкы булак деп эсептей албайм. Кадыровдун мындай билдирүүсү тууралуу бизде маалымат жок, — деди Песков.

«Настоящее Время» телеканалынын чечен тилин жакшы билген журналисттери Чеченстан башчысынын сөздөрү туура которулганын ырасташты.

XS
SM
MD
LG