Бул кызматты көрсөтүп жаткан Святитель Алексийдин борбордук клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, мекеме бир жуманын ичинде 10дон ашпаган адамга бекер медициналык жардам көрсөтө алат.
- Биздин терапевт чынында эле бекер кызматтарды көрсөтүп жатат. Бирок адамдардын саны чектелген, биз жумасына эки гана күн бештен кишини кабыл ала алабыз. Бул үчүн телефон чалып алдын-ала каттоого туруу зарыл, — деп билдирди оорукана кызматкери.
Ал камсыздандыруу полиси жок чет өлкөлүктөрдөн паспортунан башка эч кандай документ талап кылынбай турганын кошумчалады. Мигранттар менен качкындар иш күндөрү саат 08:30дан 16:30га чейин 7(495) 952-11-41 номуруна телефон чалып, каттоого турушса болот. Кабыл алуу ар шаршемби жана бейшемби күндөрү болот.
Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Орусияга 3,5 миллион өзбек жараны барган. Алардын көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жашашат.