Соттун маалыматына караганда, активист сентябрдын башында Кытай экспансиясына каршы өткөн митингге катышкандыгы үчүн беш суткага жана «полициянын талабына баш ийбегендиги үчүн» он суткага камакка алынды.
Иштин материалдарына ылайык, активист 3-сентябрдагы митингде «Кытай экспансиясына жол жок» деп жазылган плакат кармап, «Казактар ойгонгула!» деп кыйкырган. Молдин 7-ноябрда полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.
Активисттин жубайы Жадыра Нугманова полиция күйөөсүн бейшемби күнү эртең менен кызын мектепке алып баратканда кармап кетишкенин билдирди.
– Күйөөмдү төрт киши унаага салып кеткен. Бизге бул тууралуу эч кандай маалымат беришкен жок. Мен тынчсызданып мектепке, ооруканага, полиция бөлүмүнө бардым. Ал жактан Алибек сотко жеткирилгенин билдиришти. Сотто кечке чейин жүрдүм. Ал полицияга баш ийген жок деген айыптоо жалган», — деди Нугманова.
Өткөн жумада Алибек Молдинге каршы «Кемсинтүү» беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, активистке каршы көп балалуу энелердин тобу арыз жазган. Жабырлануучулардын бири Жанар Кулмамбетованын айтымында, Молдин социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу көп балалуу энелерди кемсинткен. Активисттин тарапташтары бул ишти буюртма деп эсептей турганын билдиришүүдө.
Өткөн жумада Алибек Молдин акыркы бир жылдын ичинде үч жолу административдик камакка алынганын белгилеп, алардын баарында тең саясий боёк бар экенин айткан.